Башкы беткеПрезидентЧыңгыз Айтматовдун айкелине эскиздик долбоорлорго сынак жарыяланат

Чыңгыз Айтматовдун айкелине эскиздик долбоорлорго сынак жарыяланат

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айкелин жана анын чыгармаларынын негизиндеги скульптуралык композицияны түзүү боюнча ачык сынак жарыялайт.

Жеңүүчү долбоор Беларусь Республикасынын Минск шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы сейил бакка орнотуу үчүн сунушталат.

Сынакка Кыргызстандын кесипкөй скульпторлору, архитекторлору жана чыгармачыл топтору катыша алат. Долбоорлор 29-сентябрдан 29-октябрга чейин кабыл алынат.

Сынактын байге фонду:

I орун — 200 миң сом;

II орун — 150 миң сом;

III орун — 100 миң сом.

Долбоорлордун көркөмдүк сапаты, оригиналдуулугу, Айтматовдун чыгармачылык мурасын чагылдырышы жана Минск шаарындагы сейил бактын мейкиндигине шайкештиги эске алынат.

Сынакка катышууну каалагандар документтерин Бишкек шаарындагы Чүй проспектиси, 112 дарегине тапшыра алышат. Байланыш телефону: 0707 71 05 71.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар