Башкы беткеКоомКыргызстандык аскерлер Россиядагы "Издөө-2026" машыгуусуна катышууда

Кыргызстандык аскерлер Россиядагы “Издөө-2026” машыгуусуна катышууда

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскер кызматчылары Россиядагы “Чебаркульский” полигонунда өтүп жаткан «Издөө-2026» атайын машыгуусунда практикалык тапшырмаларды аткара баштады.

Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, машыгуунун негизги максаты — чек арага жакын аймактагы куралдуу жаңжал учурунда чалгындоо иштерин уюштуруу жана жүргүзүү.

Аскерлер шарттуу душманды аныктоо, объектилерди изилдөө жана алынган маалыматтарды жетекчиликке жеткирүү боюнча тапшырмаларды аткарууда.

Машыгууда чалгындоо жана сокку уруучу FPV-дрондор колдонулуп, артиллерия менен авиациянын огун тактоо боюнча да практикалык иштер жүргүзүлүүдө.

Машыгууга Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын аскердик контингенттери катышууда.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар