Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагына караштуу Чек айылында тез жардам бөлүмү ачылып, пайдаланууга берилди.
Анын ачылышына Баткен облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максатай Каримбердиева катышты.
Буга чейин үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору катары пайдаланылып келген имарат капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, тез жардам бөлүмүнө ылайыкташтырылды.
Бөлүм 5 миңден ашык тургунга кызмат көрсөтөт. Анда фельдшерлер үчүн иш бөлмөсү, бейтаптар үчүн өзүнчө бөлмө жана дары-дармектерди сактоочу жай каралган.
Мындан тышкары, бөлүмгө тез жардам унаасы берилди.
Бул тууралуу Баткен облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.



