Башкы беткеПрезидентБишкекте китепкана жана музей жетекчилери Уңгужол боюнча окуудан өтүштү

Бишкекте китепкана жана музей жетекчилери Уңгужол боюнча окуудан өтүштү

Бүгүн, 28-сентябрда, Бишкек шаарындагы республикалык жана шаардык китепканалардын, музейлердин жана үй-музейлердин жетекчилери үчүн уюштурулган Уңгужол боюнча бир жумалык окуу курсу жыйынтыкталды.

Окуунун жыйынтыктоочу сабагында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев «Кыргыз жери, кыргыз эли тууралуу» бөлүмүнүн мазмуну жана мааниси боюнча лекция окуп, улуттук баалуулуктарды, тарыхый эс-тутумду жана маданий мурастарды коомчулукка жеткирүүдө маданий мекемелердин ролуна токтолду.

Курстун жүрүшүндө Уңгужолду иштеп чыгууга катышкан окумуштуулар, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер насаатчы катары тартылып, анын тарыхый, маданий жана идеялык негиздери боюнча сабак өтүштү.

Окууну ийгиликтүү аяктаган 48 кызматкерге сертификаттарды Мамлекеттик катчы тапшырды.

Белгилей кетсек, буга чейин Уңгужол боюнча мамлекеттик органдардын аймактык түзүмдөрүнүн жетекчилери, жогорку окуу жайлардын проректорлору, билим берүү жана илимий мекемелердин жетекчилери, ошондой эле үй-бүлөлүк дарыгерлердин топторунун кызматкерлери окуудан өтүшкөн.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар