Башкы беткеМинистрлер кабинетиМинКаб шайкештик сертификаттарын берүүнүн автоматташтырылган системасын талкуулады

МинКаб шайкештик сертификаттарын берүүнүн автоматташтырылган системасын талкуулады

Бүгүн, 28-сентябрда Бишкекте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев шайкештик сертификаттарын берүүнүн автоматташтырылган системасын ишке киргизүү боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Кеңешмеде мамлекеттик органдардын жана ведомстволордун өкүлдөрү системаны иштеп чыгуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат беришти.

Ошондой эле маалыматтык системанын өз ара аракеттенүүсү жана интеграциясы, тиешелүү документтерди иштеп чыгуу жана берүү тартибине байланыштуу техникалык маселелер талкууланды.

Жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга системаны ишке киргизүүгө багытталган бир катар тапшырмалар берилди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар