Башкы беткеМинистрлер кабинетиИчки рынокту күйүүчү май менен камсыздоо маселеси талкууланды

Ички рынокту күйүүчү май менен камсыздоо маселеси талкууланды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев өлкөнүн ички рыногун күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоо боюнча жыйын өткөрдү.

Жыйында күйүүчү май рыногундагы учурдагы абал, бензин жана дизелдик отундун кору, жеткирүү көлөмү, баа саясаты жана ички рынокту туруктуу камсыздоо маселелери каралды.

Белгиленгендей, мунай заттарын жеткирүүчү компанияларга мамлекеттик субсидия берүү боюнча иштер уланууда. Келишимдерге жараша бензинге субсидиянын көлөмү АИ-92 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын бир литрине 17,16 сомдон 30,88 сомго чейин, дизелдик отунга 13,06 сомдон 42,27 сомго чейин, ал эми суюлтулган газга 46 тыйындан 1,40 сомго чейин түзөт.

Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга ички рынокту күйүүчү-майлоочу материалдар менен үзгүлтүксүз камсыздоо, жеткирүү көлөмүнө жана күйүүчү майдын коруна көзөмөлдү күчөтүү тапшырылды.

Ошондой эле рынокто тартыштык жаралбашы үчүн зарыл чараларды көрүү милдети коюлду.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар