1-октябрдан 4-октябрга чейин Кыргызстандын айрым аймактарында нөшөрлүү жаан-чачын күтүлүп, сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги “Кыргызгидрометтин” маалыматына таянып билдирди.
Маалыматка ылайык, бийик тоолуу райондордо кар жаап, абанын температурасы төмөндөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15–20 метрге жетиши мүмкүн.
Бийик тоолуу жайыттарда жүргөн малчыларга малын алдын ала коопсуз, түздүк аймактарга түшүрүү сунушталат.
ӨКМ жарандарды аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу сактык чараларын көрүп, кооптуу аймактардан алыс болууга чакырды.



