Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргызстан менен Калифорния кызматташтыкты кеңейтүү маселесин талкуулады

Кыргызстан менен Калифорния кызматташтыкты кеңейтүү маселесин талкуулады

Күн мурун, 28-сентябрда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — айыл чарба министри Эрлист Акунбеков Калифорния штатынын Бизнес жана экономикалык өнүгүү башкармалыгынын (GO-Biz) өкүлү Патриша Уттербек менен жолугушту. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Кыргызстан менен Калифорниянын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле ишкердик байланыштарды кеңейтүү маселелери талкууланды.

Тараптар өз ара пайдалуу өнөктөштүктү кеңейтүү, Кыргызстанга инвестиция тартуу жана келечектеги кызматташтыктын мүмкүн болгон багыттары боюнча пикир алышты.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар