Ош облусунун Кара-Суу районундагы Зарба-Дөр айылында учактарды оңдоочу өнөр жай объектисин куруу пландалууда. Тиешелүү токтомго Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Долбоорду ишке ашыруу үчүн “Авиа+” ЖЧКсына таандык 4,4 гектар сугат айдоо жери айыл чарба багытындагы жерлердин категориясынан өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика жана коргонуу багытындагы жерлердин категориясына өткөрүлдү.
Райондук администрацияга шаар куруу документтерин иштеп чыгуу, курулуш, санитардык жана сейсмикалык талаптардын сакталышын камсыз кылуу, ошондой эле айыл чарба өндүрүшүнүн жоготуулары үчүн компенсация төлөтүү милдети коюлду.
Жер тилкеси белгиленген максатта пайдаланылбаса, аны баштапкы абалына кайтаруу боюнча чаралар көрүлөт.
Токтом 10 күндөн кийин күчүнө кирет.



