Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргызстанда эттин баасын кармоо үчүн дагы 30 сатуу пункту ачылат

Кыргызстанда эттин баасын кармоо үчүн дагы 30 сатуу пункту ачылат

Эттин баасын туруктуу кармап туруу максатында жыл аягына чейин өлкөдө дагы 30 эт сатуу пунктун ачуу пландалууда. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Илич Марсбек уулу Жогорку Кеңеште билдирди.

Анын айтымында, учурда министрликке караштуу 10 сатуу пункту иштеп жатат. Алардын иши эттин баасын кармап турууга оң таасирин тийгизип, керектөөчүлөр тарабынан жакшы бааланууда.

Илич Марсбек уулу кошумча 30 сатуу пунктун ачуу боюнча тендер жарыяланганын белгиледи. Ал эми 2027-жылы мындай пункттардын санын 100гө жеткирүү пландалууда.

Мындан тышкары, министрлик эски мал сарайларын оңдоп-түзөп, аларга 2 миңге жакын буканы жайгаштырган. Бул аркылуу ири мал чарбаларын уюштуруу көздөлүүдө.

Министрдин орун басарынын маалыматына ылайык, учурда жайлоодон түшкөн бодо малдын этин өндүрүүнүн өздүк наркы 1 килограммына 230 сомду түзөт. Анын негизинде эттин баасы 770 сом өлчөмүндө белгиленген.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар