Чүй облусунун Москва районунда 100 орундуу жаңы оорукана жана мектеп куруу маселеси каралууда. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинен билдиришти.
29-сентябрда Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев жана депутаттар менен бирге райондогу бир катар социалдык объектилердин абалы менен таанышты.
Алгач Беловодское айылындагы Москва районунун Жалпы медициналык практика борборунун иши каралды. Борбордун негизги имараты 1970-жылы курулган жана стационардык бөлүмү 171 орунга ылайыкталган. Учурда мекеме сегиз үй-бүлөлүк дарыгерлер тобун жана 19 медициналык-акушердик пунктту тейлейт.
Жеринде борбордун имараттарынын жана жабдууларынын абалы талкууланып, 100 орундуу жаңы оорукана куруу зарылдыгы белгиленди.
Адылбек Касымалиев Чүй облусунун райондорунда жаңы ооруканалар куруларын айтып, Москва районунда да 100 орундуу оорукана салуу пландалып жатканын билдирди.
Андан соң жетекчилер К. Сыданов атындагы мектепке барышты.
Мектептин 1970-жылы курулган негизги имараты 220 окуучуга ылайыкталганына карабай, учурда анда 590 бала билим алат. Ал эми 1969-жылы 200 орунга эсептелип салынган башталгыч мектепте 460 окуучу окуйт.
Мектепте окуу класстары жетишсиз. Мындан тышкары, спорттук жана жыйындар залдары, китепкана жок. Окуучулардын саны имараттардын долбоордук сыйымдуулугунан кыйла ашып кеткендиктен, жаңы мектеп куруу зарылдыгы жаралган.
Жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү органдарга Москва районунда жаңы оорукана жана мектеп куруу маселеси боюнча иш алып баруу тапшырылды.



