Башкы беткеМинистрлер кабинетиАдылбек Касымалиев “Иннопром. Беларусь 2026” көргөзмөсүнө катышты

Адылбек Касымалиев “Иннопром. Беларусь 2026” көргөзмөсүнө катышты

Министрлер Кабинетинин төрагасы — Президенттин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев Беларусь Республикасына болгон жумуш сапарынын алкагында “Иннопром. Беларусь 2026” эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө катышты.

Көргөзмөгө ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин, байкоочу жана чакырылган өлкөлөрдүн делегациялары катышты. Иш-чаранын алкагында 20 ишкердик иш-чара уюштурулуп, ага 14 миңден ашуун адам келди.

Көргөзмөдө Кыргызстандын улуттук күркөсү да орун алды. Анда өнөр жай тармагында иштеген 12 кыргызстандык компания өз продукцияларын тааныштырды.

Пленардык сессияда Адылбек Касымалиев ЕАЭБ алкагында биргелешкен өндүрүштү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Анын айтымында, Кыргызстан машина куруу, электр жабдуулары, курулуш материалдары, фармацевтика жана жеңил өнөр жай тармактарында биргелешкен өндүрүштөрдү түзүүгө кызыкдар.

Ал акыркы беш жылда Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү эки эседен ашканын белгиледи. 2021-жылы бул көрсөткүч 4 млрд 24 млн доллар болсо, 2025-жылы 9 млрд 14 млн долларга жеткен.

Ошондой эле 2022–2025-жылдары 287 өнөр жай ишканасы ишке киргизилип, аларда болжол менен 21 миң жумуш орду түзүлгөнү айтылды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар