Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бир тууганы Роза Айтматова Президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасап, өзүнүн жана Айтматовдордун үй-бүлөсүнүн атынан Шекер айылында «Айтматов ааламы» комплексинин курулушуна көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди.
Анын белгилөөсүндө, Айтматовдордун үй-бүлөсү Шекерде Чыңгыз Айтматовго, анын чыгармачылыгына жана ал жердин тарыхына татыктуу чоң комплекс курулса экен деп көп жыл күтүшкөн.
“Бүгүн Сиздин демилгеңиз менен Шекерде заңгыраган «Айтматов ааламы» комплекси туруп калды. Мен ушул жашка келип, муну өз көзүм менен көргөнүмө абдан сүйүнөм.
Сиз менен жаңы ордодо сүйлөшүп отуруп дагы бир нерсени ойлодум.
Бүгүн Кыргызстанда чоң өзгөрүүлөр болуп жатат. Жаңы жолдор салынып, эски жолдор оңдолуп, имараттар, өндүрүштүк жана энергетикалык объектилер курулууда. Ушуларды көргөн сайын атам Төрөкулду жана анын замандаштарын эстейм.
Алар да жаш Кыргызстандын пайдубалын түптөп, өлкөнү кантип өнүктүрөбүз, кантип жол салабыз, өнөр жайын, энергетикасын кантип көтөрөбүз деп аракет кылышкан. Атам Төрөкул да жаш кезинен мамлекеттик иштерге аралашып, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Баялы Исакеев жана башка кыргыздын чыгаан уулдары менен бирге мамлекетибиздин түптөлүшүнө кызмат кылган.
Бүгүн өлкөдө жүрүп жаткан иштерди көрүп, ичимен: «Замандар өзгөрөт экен, адамдар алмашат экен, бирок мамлекет куруу деген улуу иш муундан муунга улана берет экен», — деп ойлойм.
Садыр Нургожоевич, бүгүн Сиз ошол аталарыбыз баштаган мамлекет куруу ишин улантып жатасыз.
Ошол эле учурда Сиз мага дагы бир нерсени эске салдыңыз: мамлекет жол, имарат, завод менен гана курулбайт экен. Мамлекет өзүнүн тарыхын, эс-тутумун, маданиятын сактоо менен да курулат экен.
Сиз ушул ойду жүрөгүңүзгө жакын алып жүрөт экенсиз. Театрлар оңдолуп, маданий жайлар жаңыланып, жаңы кинолор тартылып, тарыхыбызга, улуу инсандарыбыздын мурасына кайрадан көңүл бурулуп жатканы да ошондон болсо керек.
Муну көргөндө мен өзгөчө сүйүнөм. Анткени жол менен имарат бүгүнкү күнгө кызмат кылса, тарых менен маданият келечек муунга калат.
Мен үчүн «Айтматов ааламы» да мына ушундай мааниге ээ. Бул жөн гана жаңы имарат эмес. Бул — өткөн менен бүгүнкүнү, ата-бабалар менен келечек муундарды байланыштырган көпүрө.
Эми бул жерге биздин балдарыбыз, неберелерибиз келет. Кыргызстандан гана эмес, дүйнөнүн башка өлкөлөрүнөн да адамдар келет. Алар Чыңгыз Айтматовдун китептерин окуп эле тим болбостон, анын чыгармалары жаралган жерди өз көздөрү менен көрүшөт. Толгонай баскан талааны көрүшөт, Дүйшөндүн мектебине көз жүгүртүшөт, Танабай менен Гүлсарынын дүйнөсүн элестетишет. Кыргыз жерин, кыргыз элин, анын тарыхын жана руханий дүйнөсүн жакындан тааныйт.
Ошондуктан мен «Айтматов ааламын» Чыңгыз агама гана көрсөтүлгөн урмат катары эмес, ата-бабаларыбыздын эмгегине, кыргыз элинин тарыхына, эс-тутумуна жана маданиятына көрсөтүлгөн урмат катары кабыл алдым.
Садыр Нургожоевич, көп жылдар бою күтүлгөн ушул ишти жүзөгө ашырып, Шекерде «Айтматов ааламын» куруп бергениңиз үчүн Сизге чын жүрөгүмдөн ыраазычылык билдирем.
Мен бул сөздөрдү Чыңгыз Айтматовдун карындашы катары гана эмес, Шекерде чоңойгон, ушул жерди өзүнүн киндик кан тамган жери деп эсептеген токсон жаштагы кыргыз кызы катары айтып жатам.
Шекер — биздин жерибиз. Шекер — биздин тамырыбыз. Ал эми Чыңгыз үчүн Шекер — бүт дүйнөгө тараган улуу ааламынын башаты.
Сөзүмдүн аягында сизге кааларым. Кудай Сизге ден соолук берсин. Ата-бабаларыбыздын күч-кубаты Сизге дем берсин. Элибизде тынчтык, жерибизде береке болсун.
Элибизге ак жол ачкан, Кыргызстаныбызга ак жолтой Президент болдуңуз!”, – деп айтылат Айтматованын кайрылуусунда.
Роза Айтматова, Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү, физика-математика илимдеринин кандидаты, коомдук ишмер



