Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Нарын облусуна жасаган иш сапарынын алкагында аймактагы жол куруу жана оңдоо иштеринин жүрүшүн текшерип, бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Министр Нарын шаарындагы узундугу 9 чакырымдан ашкан Ленин көчөсүн капиталдык оңдоо иштери менен таанышып, калган жумуштарды 15-октябрга чейин толук аяктоо милдетин койду.
Мындан тышкары, төмөнкү стратегиялык маанидеги жолдордун абалы көзөмөлгө алынды:
– Нарын — Баетов автожолу;
– Он-Арча — Жаңы-Талап — Ашырма жолу;
– Нарын — Үч-Нура жолу;
– Бишкек — Нарын — Торугарт автожолунун 231-чакырымындагы айланма кесилиш.
Аталган тилкелерде жыл аягына чейин асфальт-бетон төшөө боюнча катуу талап коюлду. Атап айтканда, Нарын — Баетов, Он-Арча — Жаңы-Талап — Ашырма жана Нарын — Үч-Нура жолдорунун ар бирине кеминде 5 чакырымдан асфальт төшөө милдеттендирилди.



