Башкы беткеМинистрлер кабинетиБишкек – Ош жолунда сел жүрдү

Бишкек – Ош жолунда сел жүрдү

Бишкек–Ош эл аралык маанидеги автожолунун 428-чакырымынан 441-чакырымына чейинки тилкесинде 5 жерден сел түшүп, жолду бөгөп калган.
Жерине министрликтин №38 Жол эксплуатациялык мекемесинин кызматкерлери ыкчам тартылып, учурда жолдун бир тарабы ачылды. Экинчи тилкени селден тазалоо иштери улантылууда.
Жолду тазалоо иштерине 2 даана автопогрузчик, 2 даана Hovo үлгүсүндөгү автосамосвал жана 1 даана автогрейдер тартылган.
Учурда жолду толук ачуу жана унаалардын коопсуз каттамын камсыздоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар