Президент Садыр Жапаров жаңы ачылган «Бишкек Арена» стадиону орто, атүгүл ири заводдон кем эмес киреше алып келерин билдирди.
Мамлекет башчысы стадиондун ачылыш аземинде акыркы алты жылдагы иштерге токтолуп, спорттук арена курууга карата айтылган сын-пикирлерге жооп берди. Анын айтымында, айрымдар стадиондун ордуна завод куруу керектигин сунушташкан.
Жапаровдун маалыматына караганда, акыркы алты жылда Кыргызстанда мектептер, бала бакчалар, ооруканалар, маданий мекемелер жана башка социалдык объектилерди кошкондо 1075 объект курулган. Ошондой эле өлкөдө 521 завод жана фабрика ишке киргизилген.
«Бул стадион да ошолордун катарына кирет. Ал бир орто же атүгүл ири заводдон кем эмес киреше алып келет», — деди Садыр Жапаров.
Президенттин белгилешинче, спорттук инфраструктураны өнүктүрүү социалдык мааниге ээ болуу менен бирге, өлкөнүн экономикасына киреше алып келүүчү багыттардын бири катары да каралууда.



