Башкы беткеКоомЧоң-Алайлыктар облус жетекчисине жеринен кайрылышууда

Чоң-Алайлыктар облус жетекчисине жеринен кайрылышууда

Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев бүгүн Чоң-Алай районунда көчмө жеке кабыл алуу өткөрүүдө.

Кабыл алуунун жүрүшүндө район тургундары өздөрүн түйшөлткөн көйгөйлөрү, социалдык жана башка маселелер боюнча кайрылып, сунуш-пикирлерин билдиришүүдө.

Облус жетекчиси жарандардын кайрылууларын угуп, көтөрүлгөн маселелерди чечүү боюнча тиешелүү жетекчилерге жана жооптуу кызматтарга тапшырмаларды берүүдө.

Көчмө жеке кабыл алуу Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында өтүп жатат.

Белгилей кетсек, көчмө жеке кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Президентинин «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин калк менен иштөөсүн жакшыртуу жана жарандарды жеке кабыл алууну уюштуруу боюнча» №181 Жарлыгынын негизинде уюштурулууда.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар