Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргызстанда суткалык батир ижарасынын баасы көзөмөлдөнөт

Кыргызстанда суткалык батир ижарасынын баасы көзөмөлдөнөт

Кыргызстанда турак жайды суткалап ижарага берүү рыногуна көзөмөл күчөтүлөт. Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди.

Маалыматка ылайык, жылдын аягына чейин суткалык ижарага берилген турак жайларды камтыган атайын электрондук реестр түзүлөт. Ал Мамлекеттик салык кызматынын маалымат базасы менен бириктирилет.

Мындай чара 2026–2027-жылдарга карата бааларды турукташтыруу планына киргизилген. Негизги максат — турак жайды суткалык ижарага берүү рыногун ачыкка чыгаруу.

Мындан тышкары, Мамлекеттик салык кызматы менен Ички иштер министрлиги туристтик жана эл көп келген мезгилдерде каттоодон өтпөгөн объектилерди аныктоо боюнча рейддерди өткөрөт.

Суткалык ижара рыногун патент жана көзөмөл-кассалык машиналарды киргизүү аркылуу легалдаштыруу да пландалууда.

Ошондой эле ири эл аралык жана аймактар аралык иш-чаралар учурунда мейманкана кызматтарынын баасына көзөмөл күчөтүлөт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар