Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнө Кыргызстандын 10 жаранынан «УМК» ЖЧКсы тарабынан эмгек акынын төлөнбөй жаткандыгы боюнча жамааттык кайрылуу түшкөн.
Жарандардын эмгек укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында Өкүлчүлүк тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүп, эмгек акы боюнча карызды өндүрүү маселесин сотко чейинки тартипте жөнгө салуу боюнча иш берүүчү менен сүйлөшүүлөр өткөрүлгөн.
Жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жана жетишилген макулдашуулардын жыйынтыгында 30-сентябрда кайрылган жарандардын эмгек акы боюнча карызы толугу менен төлөндү. Төлөнгөн каражаттын жалпы суммасы 1 млн 872 миң рублди түздү.
Өкүлчүлүк Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясында жүргөн жарандарынын эмгек укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле эмгек талаш-тартыштарын колдонуудагы мыйзамдардын алкагында жөнгө салууга көмөк көрсөтүү боюнча иштерди улантат.



