Башкы беткеМинистрлер кабинетиТүштүк Кореяда жабыркаган кыргызстандыктардын абалы ТИМдин көзөмөлүндө

Түштүк Кореяда жабыркаган кыргызстандыктардын абалы ТИМдин көзөмөлүндө

Түштүк Кореянын Пхёнтхэк шаарында массалык мушташтан жабыркаган кыргызстандыктардын абалы Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин көзөмөлүндө. Бул тууралуу ТИМ билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 3-октябрдан 4-октябрга караган түнү болгон. Анын жүрүшүндө Кыргызстандын бир нече жараны денесинен жаракат алган.

Окуя болгон күнү Кыргызстандын Түштүк Кореядагы консулу жерине барып, кармалган кыргызстандыктар, ошондой эле жергиликтүү укук коргоо жана медициналык мекемелердин өкүлдөрү менен жолуккан.

Учурда дипломатиялык өкүлчүлүк жабыркаган жарандардын абалын көзөмөлдөп, алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө. Ошондой эле жабыркагандардын жана кармалгандардын жакындары менен байланыш түзүлгөн.

Түштүк Кореянын укук коргоо органдары окуя боюнча тергөө иштерин жүргүзүп жатат. ТИМдин маалыматына ылайык, кырдаал министрликтин өзгөчө көзөмөлүндө.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар