Бүгүн, 6-октябрда Ош шаарындагы Сүрөттүү-Таш айылында 500 окуучуга ылайыкталган №60 Сүрөттүү-Таш жалпы билим берүү мектеби пайдаланууга берилди. Жаңы мектеп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин онлайн катышуусунда өлкө боюнча ачылган 20 социалдык объектинин катарына кирди.
Мектептин ачылышына Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев катышып, билим берүү мекемесинин шарттары менен таанышты. Ал мугалимдер менен баарлашып, аларды кесиптик майрамы менен куттуктады. Мындан тышкары, шаар мэри окуучулардын билим сапатын жогорулатууга өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгилеп, заман талабына жооп берген, окуучулардын кызыгуусун арттырган сабактарды уюштурууга чакырды.
Ошондой эле Жанарбек Акаев мектеп окуучулары арасында дилбаян сынагын өткөрүп, анын жыйынтыгында алдыга озгон окуучуларга стипендия ыйгарууга убада берди.
Белгилей кетсек, жаңы мектептин курулушу быйыл апрель айында башталган. Билим берүү мекемесинин курулушуна керектүү каражат республикалык бюджеттен бөлүнгөн.



