Башкы беткеПрезидентЖаңы билим берүү мекемелери өлкөнүн бардык аймактарында курулууда

Жаңы билим берүү мекемелери өлкөнүн бардык аймактарында курулууда

Бүгүн, 6-октябрда, өлкө боюнча 20 жаңы билим берүү объектиси пайдаланууга берилди. Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев катышты.  Жаңы объектилердин арасында мектептер, мектептердин жаңы корпустары жана бала бакчалар бар. Алар Бишкек шаарында, Ош шаарында, Манас шаарында, ошондой эле Жалал-Абад, Ош, Талас жана Ысык-Көл облустарында курулуп, пайдаланууга берилгенин Президенттик администрациясынын маалыматтык-саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.

Бишкек шаарында Ак-Ордо, Кашка-Баш, Өскөн-Ордо, Көк-Жар конуштарында жана башка аймактарда жаңы мектептер ачылды. Алардын ичинен №83 жаңы мектеп 1200 окуучуга ылайыкталса, Ак-Ордо, Кашка-Баш, Өскөн-Ордо жана Көк-Жардагы мектептердин ар бири 750 орунга эсептелген.

Ош шаарында С. Алымкулов атындагы №33 мектептин 312 орундуу жаңы корпусу жана Сүрөттүү-Таш айылында 500 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилди.

Мындан тышкары, Манас шаарында үч билим берүү объектиси, Ноокен районунда жаңы мектеп корпусу жана бала бакча, Алай районунун Жаңы-Алай айылында, Талас облусунун Айтматов районунун Чымкент айылында жана Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кара-Талаа айылында жаңы билим берүү объектилери ачылды.

Жаңы мектептерде заманбап инженердик жана конструктивдик чечимдер колдонулуп, жылытуу, желдетүү, суу жана электр системалары толук камсыздалган. Окуу класстарында заманбап эмеректер, эргономикалык парталар жана отургучтар орнотулуп, ысык жана муздак суу менен камсыздоо каралган.

Ошондой эле айрым билим берүү мекемелеринде күн панелдери, лифттер, спорт залдары, медициналык жана стоматологиялык кабинеттер, лабораториялык жана компьютердик класстар түзүлдү. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар үчүн да жеткиликтүү шарттар каралган.

Жаңы мектептер жана бала бакчалардын пайдаланууга берилиши менен балдар үчүн заманбап жана коопсуз билим берүү чөйрөсү кеңейүүдө. Жыл аягына чейин өлкө боюнча дагы бир катар жаңы билим берүү объектилерин пайдаланууга берүү пландалууда.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар