Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү комузчу жана күүчү Намазбек Уралиевдин 70 жылдык мааракесине карата комузчулардын республикалык ачык сынагы өтөт.
Сынактын максаты — кыргыздын салттуу музыкалык өнөрүн өнүктүрүү, улуттук мурасты сактоо жана таланттуу комузчуларды колдоо.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдиргендей катышуучулардан арыздар 15-октябрга чейин кабыл алынат. Тандоо туру 22-октябрда К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында өтөт.
Ал эми 24-октябрда саат 14:00дө Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында мааракелик иш-чара жана сынактын жеңүүчүлөрүнүн гала-концерти уюштурулат.
Иш-чара кыргыздын комузчулук өнөрүн жайылтууга жана салттуу музыкалык маданиятты өнүктүрүүгө багытталган.



