Бишкекте Асаналиев (Некрасов) көчөсүндөгү кайтарылуучу темир жол өтмөгүндө унаа кыймылы убактылуу чектелет. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” билдирди.
Чектөө 8, 9, 10 жана 11-октябрда саат 21:00дөн 06:00гө чейин киргизилет.
Бул убакта Бишкек-1 — Бишкек-2 темир жол тилкесинин 3778-чакырымындагы өтмөктүн тосмо жабдуусу алмаштырылат.
Оңдоо иштери этап-этабы менен жүргүзүлүп, алгач өтмөктүн бир тарабы жабылат. Иш аяктагандан кийин унаалар жолдун экинчи тарабы аркылуу өткөрүлөт.
Иштер Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы менен макулдашылган.
Айдоочуларга каттамын алдын ала пландап алуу сунушталат.



