Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму ААК (МКУ) камсыздандыруу тармагын өнүктүрүү жана адистердин кесиптик дараметин жогорулатуу багытындагы иштерин улантууда. Ушул алкакта кызматкерлер исламдык камсыздандыруу — Такафул боюнча атайын окуу курсунан өтүп, жыйынтыгында тиешелүү сертификаттарга ээ болушту.
Окутуунун негизги максаты — исламдык камсыздандыруунун принциптери, эл аралык талаптары жана практикалык механизмдери боюнча билимди тереңдетүү, ошондой эле дүйнөлүк тажрыйба менен тааныштыруу.
Эл аралык стандарттар жана практикалык тажрыйба
Окуу программасында исламдык банк ишинин жана каржылоонун негиздери, AAOIFI стандарттары, анын ичинде Шариаттык стандарт №26 — Такафул, ошондой эле салттуу жана исламдык финансылык системалардын өзгөчөлүктөрү каралды.
Катышуучулар Такафулдун философиясы жана өнүгүү тарыхы, социалдык-этикалык принциптери, фонддорду башкаруу жана тараптардын өз ара мамилелери боюнча билим алышты. Ошондой эле Вакала, Мудараба жана гибриддик моделдер, фонддордогу ашыкчаны бөлүштүрүү, операциялык башкаруу жана ретakaфул — исламдык кайра камсыздандыруу маселелери талкууланды.
Окуунун жүрүшүндө Шариаттык көзөмөл кеңешинин ролуна, AAOIFI жана IFSB стандарттарына, ошондой эле Түркия, Малайзия, Бахрейн, Англия, Казакстан жана башка өлкөлөрдүн тажрыйбасына өзгөчө көңүл бурулду.

Такафул — өз ара жардамдашуу жана жоопкерчилик
Такафул — катышуучулардын өз ара жардамдашуу жана жоопкерчилик принциптерине негизделген исламдык камсыздандыруу системасы. Анын өзгөчөлүгү камсыздандыруу мамилелерин белгилүү этикалык жана Шариаттык талаптардын негизинде уюштурууга багытталган.
Кыргызстанда камсыздандыруу кызматтарынын чөйрөсүн кеңейтүү шартында эл аралык тажрыйбаны өздөштүрүү жана адистердин квалификациясын жогорулатуу маанилүү багыттардын бири болуп саналат.
Окуунун жыйынтыгында катышуучуларга сертификаттар тапшырылды. Бул алардын Такафул багыты боюнча атайын окуудан өткөндүгүн тастыктады.
МКУ мындан ары да кызматкерлердин кесиптик билимин жогорулатууга, эл аралык тажрыйбаны өздөштүрүүгө жана коомдун керектөөлөрүнө жооп берген заманбап камсыздандыруу механизмдерин өнүктүрүүгө көңүл бурат.



