Башкы беткеКоомБишкекте II Эл аралык Toon Dook анимация фестивалы өтөт

Бишкекте II Эл аралык Toon Dook анимация фестивалы өтөт

9–11-октябрь күндөрү Бишкекте II Эл аралык Toon Dook анимация фестивалы өтөт. Үч күнгө созулган иш-чара кыргызстандык жана чет өлкөлүк авторлорду, анимация тармагынын адистерин, чыгармачыл багыттагы студенттерди жана анимация сүйүүчүлөрүн бир аянтчага чогултат.

Toon Dook — анимациялык чыгармаларды көрсөтүүгө, кесиптик тажрыйба алмашууга жана жаш авторлорду колдоого багытталган эл аралык чыгармачыл платформа. Фестивалдын негизги максаты — анимация жана креативдүү индустрияны өнүктүрүү, эл аралык маданий байланыштарды бекемдөө жана заманбап анимацияны кеңири жайылтуу.

Фестивалдын программасында Кыргызстандагы жана чет өлкөлөрдөгү мыкты анимациялык эмгектердин көрсөтүүлөрү, мастер-класстар, лекциялар, чыгармачылык жолугушуулар жана анимация тармагынын актуалдуу маселелерине арналган талкуулар уюштурулат.

Иш-чарага чет өлкөдөн бир катар белгилүү адистер чакырылган. Алардын арасында Netflix платформасындагы «Love, Death & Robots» анимациялык долбоорунун бир нече эпизодун режиссёрлогон канадалык режиссёр жана аниматор Роберт Вэлли, Штутгарттагы Эл аралык анимациялык тасмалар фестивалынын (ITFS) көркөм жетекчиси Аннегрет Рихтер, ошондой эле француз режиссёр-аниматору Жан-Кристоф Роже бар.

Фестивалда жаш авторлорду колдоого жана Борбор Азиядагы анимация индустриясын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Катышуучулар өз долбоорлорун тааныштырып, тажрыйбалуу адистерден кесиптик пикир алып, жаңы чыгармачылык байланыштарды түзө алышат.

II Эл аралык Toon Dook анимация фестивалы Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин, Гёте-Институтунун жана Франциянын Элчилигинин колдоосу менен өткөрүлөт.

Фестиваль бардык каалоочулар үчүн ачык. Иш-чарага чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрү, студенттер, анимация тармагынын адистери жана анимация өнөрүнө кызыккан жарандар чакырылат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар