Башкы беткеКоомКыргызстанда 8 жылда 90 бейтаптын бөйрөгү алмаштырылды

Кыргызстанда 8 жылда 90 бейтаптын бөйрөгү алмаштырылды

Кыргызстанда акыркы сегиз жылда бөйрөк алмаштыруу боюнча 90 операция жасалды. Операциялар Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун дарыгерлери тарабынан жүргүзүлүп келет.

Адистердин маалыматына ылайык, органдарды трансплантациялоого болгон муктаждык дагы эле жогору. Бул багыттагы негизги көйгөйлөрдүн бири — бейтаптарга ылайыктуу донор табуу.

Бөйрөк оорусунан жабыркаган бейтаптардын бири — 44 жаштагы Артык Иманбекова. Ага бөйрөк оорусу 2022-жылы аныкталып, ошондон бери гемодиализ алып келген.

1-октябрда бейтапка бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалды. Донор катары Талас облусунан келген эжеси бөйрөгүн берди.

Учурда бейтап операциядан кийинки калыбына келүү мезгилин өтүп жатат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар