8-октябрда Бишкектеги “Ала-Тоо” кинотеатрында Агартуу министрлигинин кызматкерлери үчүн “Жусуп” тарыхый-драмалык тасмасынын атайын көрсөтүүсү өттү.
Тасма кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө салым кошкон мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун өмүрү жана ишмердигине арналган.
Фильмде ошол мезгилдеги тарыхый окуялар, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптануу процесси жана Жусуп Абдрахмановдун өлкөнүн келечеги үчүн жасаган иштери көркөм баяндалат.
Көрсөтүүдөн кийин тасманын чыгармачыл тобу менен жолугушуу уюштурулуп, фильмдин жаралуу тарыхы жана тартуу иштери тууралуу пикир алмашуу болду. Катышуучулар чыгармачыл топко суроолорун берип, өз ойлорун бөлүштү.



