Бишкекте №53 автобус каттамына 12 жаңы Yutong автобусу чыгарылат. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.
Маалыматка караганда, автобустар 8-октябрдан тарта «Чоң-Арык айылы (Семетей көчөсү) — айланма каттам» багыты боюнча жүргүнчүлөрдү ташый баштайт.
Мэриянын маалыматына ылайык, айланма жана жарым айланма каттамдарды көбөйтүү шаардын коомдук транспорт тармагын оптималдаштыруу иштеринин алкагында жүргүзүлүүдө.
Мындай каттамдар жүргүнчүлөрдүн агымын натыйжалуу бөлүштүрүп, шаардын райондорунун ортосундагы транспорттук байланышты жакшыртууга жана жолдордогу жүктү азайтууга багытталган.



