Кыргызстандын эң ири «Bishkek Arena» стадионунда дүйнөлүк жылдыз Шакиранын 18-октябрда өтө турган концертине даярдык башталды.
Учурда адистер сахналык конструкцияларды монтаждап, стадионду масштабдуу шоуга даярдап жатышат.
Маалыматка ылайык, концертке билеттерди буга чейин дүйнөнүн 28 өлкөсүнүн жарандары сатып алышкан. Бул Шакиранын Борбордук Азиядагы алгачкы концерти болот.
Концертке келүүнү каалагандар үчүн Кыргызстан жана Казакстандын туристтик компаниялары менен биргеликте билет, трансфер жана жайгашууну камтыган турпакеттер да сунушталууда.
Уюштуруучулар билеттерди расмий платформалардан жана текшерилген операторлордон гана сатып алууга чакырат. Социалдык тармактардагы жеке билдирүүлөрдөн жана белгисиз ортомчулардан билет сатып алуу сунушталбайт.
Шакиранын Бишкектеги концертине 10 күн калды.



