Башкы беткеКоомМосквада мекендешин уурдоого шектелген үч кыргызстандык кармалды

Москвада мекендешин уурдоого шектелген үч кыргызстандык кармалды

сүрөт: Кактус медиа

Москвада мекендешин уурдоого шектелген үч кыргызстандык кармалды.

Социалдык тармактарда белгисиз адамдардын күч колдонуп, адамды уурдап кеткен видеосу тарады. Окуя 5-октябрда Москва шаарында болгон.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги окуяга катыштыгы бар адамдар, алдын ала маалымат боюнча, Кыргызстандын жарандары экенин билдирди.

Орусиянын укук коргоо органдары окуяга катыштыгы бар деп шектелген үч адамды кармады. Учурда Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 126-беренеси («Адам уурдоо») боюнча кылмыш ишин козгоо маселеси чечилүүдө.

Жабырлануучу да Кыргызстандын жараны. Ага тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатат.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги жана Ички иштер министрлигинин өкүлчүлүгү Орусиянын укук коргоо жана тергөө органдары менен байланышта иш алып барууда.

Тышкы иштер министрлиги кырдаалды көзөмөлдөп жатканын билдирди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар