Ош шаарында 312 окуучуга ылайыкталган №33 С. Алыкулов атындагы жалпы билим берүү мектеби пайдаланууга берилди. Жаңы билим берүү мекемеси Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык курулган мектептердин бири.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, үч кабаттуу, эки блоктон турган мектептин жалпы аянты 3840 чарчы метрди түзөт. Билим берүү мекемеси эки нөөмөттө 700гө жакын окуучунун билим алуусуна шарт түзөт.
Жаңы мектепте окуучулардын сапаттуу билим алуусу үчүн бардык зарыл шарттар каралган. Анын ичинде заманбап окуу класстары, спорт жана жыйындар залдары, лабораториялык, компьютердик, эмгек жана музыка кабинеттер, ошондой эле медициналык кабинет бар.
Мындан тышкары, окуу класстарында суу системасы каралып, заманбап эмеректер, эргономикалык парталар жана отургучтар орнотулган. Имарат заманбап инженердик коммуникациялар менен камсыздалып, окуучулар жана мугалимдер үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.
Мектептин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган. Курулуш иштеринин сапаты жана жүрүшү министрликтин тиешелүү департаменттери тарабынан көзөмөлгө алынган.




