Бүгүн, 9-октябрдан тарта Бишкекте №57 жаңы автобус каттамы иштей баштады. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Жаңы каттам Тунгуч-2 кичи районун айланма багытта тейлейт. Автобустар Анкара, Ауэзов, Абдрахманов көчөлөрү жана Чүй проспектиси аркылуу жүрөт. Каттамга «Yutong» үлгүсүндөгү 10 автобус чыгарылды.
Жаңы каттам Тунгуч-2 кичи районунун жана ага жакын аймактардын тургундарын коомдук транспорт менен камсыздоону жакшыртууга багытталган.
Мэриянын маалыматына ылайык, автобустар каттамга чыгар алдында техникалык текшерүүдөн өтүп, айдоочулар медициналык кароодон өткөрүлөт.



