Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Сары-Булак айылында Сары-Булак – Арчалы – Оруктам унаа жолунун 6–11-чакырымдар аралыгында жолго асфальт төшөлүүдө Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, жолдун айрым тилкелеринде жер жумуштары аткарылып, жолдун негизин даярдоо иштери уланууда. Буга чейин жолдун 2 чакырым аралыгына асфальт төшөлгөн.
Эми калган 3 чакырым тилкеде жер жумуштары жүрүп жатат. Аталган тилкеде жолдун негизин даярдоо, тиешелүү инженердик иштерди жүргүзүү жана кийинки этаптагы курулуш иштерине даярдык көрүлүүдө.
Бул жол Сары-Булак айылын Ак-Кыя, андан ары Жер-Көчкү, Ак-Таш айылдарын бириктирген маанилүү трасса көп жылдан бери ремонттоло эле болчу.



