Эртең, 10-октябрда Чүй облусунун 100 жылдык мааракесине арналган иш-чараларга байланыштуу Бишкектин Ала-Тоо аянтынын айланасындагы айрым көчөлөрдө унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, чектөөлөр төмөнкү көчөлөрдүн кесилиштеринде киргизилет:
- Чүй проспектиси — Эркиндик бульвары;
- Чүй проспектиси — Панфилов көчөсү;
- Панфилов — Пушкин көчөлөрү;
- Панфилов — Абдумомунов көчөлөрү;
- Фрунзе — Орозбеков көчөлөрү;
- Фрунзе — Раззаков көчөлөрү;
- Эркиндик бульвары — Абдумомунов көчөсү.
Кайгуул кызматы айдоочуларды сапарларын алдын ала пландап, мүмкүн болушунча башка жолдорду пайдаланууга чакырат.



