Япониянын Нагоя шаарынын өкүлдөрү Бишкекке болгон иш сапарынын алкагында «Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасына барышты. Бул тууралуу мериядан билдиришти.
Сапардын жүрүшүндө коноктор ишкананын ишин уюштуруу тартиби, жылуулук менен камсыздоо тутумунда колдонулган технологиялар жана санариптик чечимдер менен таанышты. Аларга автоматташтырылган жылуулук пунктунун иштеши көрсөтүлүп, ишканада колдонулган программалык камсыздоо тууралуу маалымат берилди.
Ошондой эле делегация борбордук диспетчердик пунктка барып, жылуулук менен камсыздоо тутумун көзөмөлдөө тартиби менен таанышты. Мындан тышкары, насостук станциялардын биринин ишин көрүштү.
Мындай жолугушуулар коммуналдык чарба тармагында тажрыйба алмашууга жана шаардык инфраструктураны башкаруунун ар кандай ыкмаларын үйрөнүүгө шарт түзөт.
Нагоя шаарынын өкүлдөрү Бишкектеги башка муниципалдык ишканаларга да барышты.



