Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, станциянын 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдыгы менен таанышты. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
Министр станциядагы энергетикалык жабдуулардын абалын, оңдоо иштеринин жүрүшүн жана кышка даярдык боюнча аткарылып жаткан иштерди көрдү.
Токтогул ГЭСин модернизациялоонун алкагында төрт гидроагрегат тең жаңыланып, ар биринин кубаттуулугу 300 МВттан 360 МВтка чейин жогорулатылган. Натыйжада станциянын жалпы орнотулган кубаттуулугу 1 200 МВттан 1 440 МВтка жеткен. Бул көрсөткүч мурдагыдан 240 МВтка көп.
Мындан тышкары, Алтынбек Рысбеков Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын ишке киргизүү долбоорунун жүрүшү менен таанышты. Ошондой эле Камбар-Ата-1 ГЭСинин даярдык мезгилиндеги объектилеринде жүргүзүлүп жаткан курулуш иштерин көрүп, белгиленген иш-чаралардын аткарылышына көңүл бурду.
Сапардын жыйынтыгында министр энергетикалык объектилердин жетекчилерине тиешелүү тапшырмаларды берди.



