Башкы беткеКоомКыргызстанда 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыргызстанда 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

10-октябрда саат 09:04тө Кыргызстанда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагындагы Заалай кырка тоосунда жайгашкан. Жер силкинүү Жал-Башы айылынан 20 чакырым түштүк-чыгышта, Ачык-Суу айылынан 28 чакырым түштүк-батышта жана Ош шаарынан 143 чакырым түштүк-батышта болгон.

Жер титирөөнүн күчү Ачык-Суу, Жал-Башы, Кулчу, Шибээ, Кара-Шыбак, Кызыл-Эшме жана Дароот-Коргон айылдарында 3 баллга жеткен.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар