Башкы беткеКоомӨлкөдө 20 миңден ашык видеокамера орнотуу уланууда

Өлкөдө 20 миңден ашык видеокамера орнотуу уланууда

Кыргызстанда «Коопсуз өлкө» долбоорунун алкагында 20 миңден ашык видеокамера орнотулууда. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди.

Маалыматка ылайык, камералар кылмыштарды жана укук бузууларды ыкчам аныктоо, ошондой эле жол кыймылынын эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө үчүн колдонулат. Бирок министрлик пландалган камералардын канчасы орнотулганын тактаган жок.

2026-жылдын июнь айында Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкө боюнча коомдук жайларга жана туристтик аймактарга 10 миң видеокамера орнотулганын билдирген.

Камералардын айрымдары жол эрежелеринин бузулушун автоматтык түрдө аныктайт. Алар ылдамдыкты ашыруу, коопсуздук курун тагынбоо, унаа айдап баратып телефон колдонуу жана каршы тилкеге чыгуу сыяктуу мыйзам бузууларды каттай алат.

Мындан тышкары, Бишкекте жана бир катар негизги жолдордо «Автоураган» комплекстери колдонулуп келет. Ал эми 2026-жылдын июль айында жол эрежелерин автоматтык каттоочу жаңы комплекстерди сатып алууга 100 млн сом бөлүү боюнча тендер жарыяланган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар