Башкы беткеКоомГипстен жасалган курулуш материалдарын импорттоого алты айга тыюу салынды

Гипстен жасалган курулуш материалдарын импорттоого алты айга тыюу салынды

Кыргызстанга гипстен жасалган айрым курулуш материалдарын ташып келүүгө алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынды. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Документке ылайык, тыюу гипстен жасалган, кагаз же картон менен гана капталган же бекемделген, орнаментсиз плиталарга, такталарга, панелдерге жана ушул сыяктуу буюмдарга тиешелүү.

Чектөө токтом күчүнө киргенден үч күн өткөндөн кийин колдонулуп, алты ай бою күчүндө болот.

Тыюу төмөнкү товарларга жайылтылбайт:

Кыргызстан аркылуу бажылык транзит менен ташылуучу товарларга;

Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден алып келинген товарларга;

Министрлер кабинети жактырган инвестициялык макулдашуулардын жана мыйзамга ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин алкагындагы инвестициялык долбоорлор үчүн ташылып келинген товарларга.

Мамлекеттик бажы кызматына жана Мамлекеттик чек ара кызматына аталган товарлардын мыйзамсыз ташылып келинишине жол бербөө боюнча чараларды көрүү тапшырылды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар