“Бишкекжылуулуктармагы” муниципалдык ишканасынын түштүк районундагы абоненттик бөлүмү 12-октябрдан тартып жаңы дарек боюнча иштей баштады. Бул тууралуу ишканадан билдиришти.
Бөлүмдүн жаңы дареги — Лермонтов көчөсү, 2А.
Иш тартиби:
Дүйшөмбү–бейшемби: 07:30дан 16:30га чейин;
Жума: 07:30дан 15:30га чейин;
Түшкү тыныгуу: 11:30дан 12:30га чейин;
Ишемби, жекшемби — эс алуу күндөрү.
Ишкана абоненттерди бөлүмгө барууда жаңы даректи эске алууга чакырат.



