Беларустун Витебск шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) «Бузулгус боордоштук — 2026» жана «Барьер — 2026» аталышындагы аскердик машыгуулары башталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Коргоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, машыгуулардын ачылыш аземи Витебск шаарындагы Жеңиш аянтында, шаарды бошоткон советтик жоокерлерге арналган мемориалдык комплекстин алдында өттү.
Иш-чаранын алкагында кыргызстандык аскер кызматкерлери улуттук маданият күнүн да өткөрүштү.
«Бузулгус боордоштук — 2026» машыгуусу ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн катышуусундагы командалык-штабдык окуу болуп саналат. Ал эми «Барьер — 2026» машыгуусуна уюмдун биргелешкен радиациялык, химиялык жана биологиялык коргонуу күчтөрү, ошондой эле медициналык камсыздоо түзүмдөрү катышууда.
Кыргызстандын аскер кызматкерлери аталган машыгууларга катышуу үчүн Беларуска барышкан. Машыгуулар 12–16-октябрь күндөрү өткөрүлөт.



