Башкы беткеКоом"Манас" жана "Жалал-Абад" аэропортторуна 770 млн доллар сарпталганы төгүндөлдү

“Манас” жана “Жалал-Абад” аэропортторуна 770 млн доллар сарпталганы төгүндөлдү

«Кыргызстандын аэропорттору» ААКсы Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕӨБ) «Манас» эл аралык аэропортун реконструкциялоого жана «Жалал-Абад» жаңы аэропортун курууга жалпысынан 770 млн доллар жумшалганы тууралуу маалыматын төгүндөдү.

Компаниянын басма сөз кызматы билдиргендей, бул сумма чындыкка дал келбейт жана коомчулукту жаңылыш маалыматка жетелейт.

Маалыматка ылайык, «Манас» эл аралык аэропортунун аэровокзал комплексин кеңири реконструкциялоого, учуп-конуу тилкесин капиталдык оңдоого жана ага байланыштуу инфраструктураны жаңылоого алдын ала 130 млн доллар каралган. Бирок иштердин айрымдары дагы деле уланып жаткандыктан, долбоордун акыркы наркы аныктала элек.

Ал эми жаңы «Жалал-Абад» аэропортун куруу, долбоорлоо жана ага байланыштуу иштердин алдын ала баасы учуп-конуу тилкесинин курулушун эсепке албаганда, 60 млн доллардын тегерегинде.

Компаниянын белгилешинче, эки долбоор тең толук аяктап, акыркы каржылык эсептөөлөр жүргүзүлгөндөн кийин да жалпы чыгым 770 млн долларга жетпейт.

«Кыргызстандын аэропорттору» ААКсы инфраструктуралык долбоорлордун каржылык көрсөткүчтөрү тууралуу маалыматтарды жарыялоодо тактыкты жана жоопкерчиликти сактоо зарылдыгын белгиледи.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар