Башкы беткеКоомКыргызстанда бир күндө 100 миң көчөт отургузуу акциясы өтөт

Кыргызстанда бир күндө 100 миң көчөт отургузуу акциясы өтөт

24-октябрда JASHYL DEM экологиялык уюму National Green Day алкагында өлкөнүн бир нече аймагында бир убакта 100 миң көчөт отургузууну пландоодо.

Уюштуруучулардын маалыматына караганда, акциянын максаты — жашоочуларды, ыктыярчыларды, ишкерлерди жана коомдук уюмдарды өлкөнү жашылдандыруу демилгесине бириктирип, экологиялык маданиятты калыптандыруу.

Бак отургузуу иштери саат 11:00дө төрт жерде башталат:

Бишкек — Карагач токою;

Ош — шаардык көчөт питомниги;

Талас — Шекер айылы;

Жалал-Абад — шаардык көчөт питомниги.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, токой чарбасынын адистери жана ыктыярчылар катышат. Аянтчаларда көчөттөр жана керектүү шаймандар даярдалып, бактарды туура отургузуу боюнча түшүндүрмөлөр берилет. Ошондой эле адистердин баяндамалары жана көңүл ачуучу программа уюштурулат.

Уюштуруучулар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын катышуусуна да шарт түзүшкөн. Бишкекте акция өтө турган Карагач токоюнда аларга ыктыярчылар жардам берет.

Акцияга компаниялар жана уюмдар да чакырылат. Көчөттөрдү жана шаймандарды катышуучулар өздөрү алып келүүнүн кажети жок — бардыгы уюштуруучулар тарабынан даярдалат.

JASHYL DEM өкүлдөрү бул демилге бир жолку иш-чара менен чектелбестен, Кыргызстанда жашылдандыруу маданиятын өнүктүрүүгө багытталган узак мөөнөттүү иштин бир бөлүгү болорун белгилешти.

Бишкектен барган журналисттер үчүн Карагач токоюна атайын транспорт уюштурулат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар