12-октябрда саат 09:04тө Кыргызстандын түштүгүндө 4,5 магнитудалык жер титиреди. Жер титирөөнүн силкинүүсү жети айылда 3 баллга чейин сезилген. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык белгилүү болду.
Маалыматка караганда, жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында, Заалай кырка тоосунда жайгашкан. Силкинүүнүн очогу 23 чакырым тереңдикте болуп, эпицентрдеги күчү 4 баллды түзгөн.
Жер титирөөнүн эпицентри:
- Жар-Башы айылынан түштүк-чыгышты карай 20 чакырым;
- Ачык-Суу айылынан түштүк-батышты карай 28 чакырым;
- Ош шаарынан түштүк-батышты карай 143 чакырым аралыкта жайгашкан.
Силкинүүлөр Ачык-Суу, Жар-Башы, Кулчу, Шибээ, Кара-Шыбак, Кызыл-Эшме жана Дароот-Коргон айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
Белгилей кетсек, октябрь айынын башында да Кыргызстанда бир нече жер титирөө катталган. 2-октябрда Нарын облусунда магнитудасы 3,8ге жеткен жер титирөө болуп, жакынкы айылдарда силкинүү 3 баллга чейин сезилген.
Ал эми 1-октябрда өлкөдө эки жер титирөө катталып, алардын күчтүүсүнүн магнитудасы 4,7ге жеткен. Айрым калктуу конуштарда силкинүүнүн күчү 4 баллга чейин жеткен.



