Башкы беткеКоомКыргызстан мээдеги шишикти операциясыз дарылоочу аппарат алды

Кыргызстан мээдеги шишикти операциясыз дарылоочу аппарат алды

Кыргызстанга мээдеги шишикти операциясыз дарылоочу гамма-бычак аппараты алынды. Бул тууралуу Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынан кабарлашты.
Окуу жайдын ректору Индира Кудайбергенова аппаратты сатып алууга президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүнгөнүн айтты.
Гамма-бычак мээдеги шишиктерди операциясыз гамма-нурлар аркылуу дарылоого мүмкүндүк берет. Буга чейин муктаждар чет өлкөлөргө барууга аргасыз болуп келишкен”, — деп айтылат билдирүүдө.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар