Башкы беткеКоомМассалык башаламандыкка жана бийликти басып алууга чакырган жаран кармалды

Массалык башаламандыкка жана бийликти басып алууга чакырган жаран кармалды

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы массалык башаламандыкка чакырыктар фактысы боюнча кылмыш ишин тергеп жатат. Ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында К.С. аттуу жаран чет мамлекеттин аймагында кармалып, Кыргызстанга жеткирилди. Бул тууралуу ИИМ маалымдады.

Тергөөдө аныкталгандай, К.С. биргелешкен ишкердик жүргүзүү шылтоосу менен алдоо жолу аркылуу М.Н. аттуу жабырлануучунун 150 миң АКШ долларын ээлеп алган деп шектелүүдө. Бул факты боюнча ал издөөдө жүргөн.

ИИМдин маалыматына ылайык, Кыргызстандын аймагынан тышкары жүргөндө ал интернет булактарына чагымчыл мүнөздөгү материалдарды жарыялап, митингдерди уюштурууга, массалык башаламандыкка жана андан соң бийликти басып алууга чакырыктарды жасаган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 36-беренеси жана 278-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында шектүү чет мамлекеттин аймагында кармалып, Кыргызстанга жеткирилген. Ал Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар