Кыргызстанда мугалимдерди санариптик шаймандар менен камсыз кылуу иштери улантылууда. Парламенттик комитеттин жыйынында агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова билдиргендей, учурда өлкө боюнча мугалимдерге 47 миң ноутбук берилди жана жакын арада дагы 16 миң ноутбук таратылат.
Бул демилге кийинки жылы да улантылып, 2027-жылдын республикалык бюджетинде мугалимдерге ноутбук сатып алууга 728,8 миллион сом каралган. Депутат Токтобүбү Ашымбаеванын мектептердин заманбап технологиялар менен камсыз болушу тууралуу суроосуна жооп берип жатып, министрлик 2027-жылдын бюджетине интерактивдүү панелдерге 536,9 миллион сом жана лабораториялык жабдууларга 954,5 миллион сом киргизилгенин маалымдады.



