Башкы беткеКоомБишкектин айрым аймактарында 15-октябрда суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында 15-октябрда суу өчүрүлөт

15-октябрда Бишкектин айрым аймактарында саат 10:00дөн 20:00гө чейин ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу «Бишкекводоканал» муниципалдык ишканасы маалымдады.

Суу турак үйлөргө, мектептерге, бала бакчаларга, медициналык мекемелерге, өнөр жай ишканаларына жана башка объектилерге берилбейт.

Суу берүү Балтагулов, Юдахин, Алтымышев жана Бакаев көчөлөрү, ошондой эле Чыңгыз Айтматов проспектинин батыш тарабы менен чектешкен аймакта токтотулат.

Мындай чара диаметри 300 миллиметр болгон суу түтүгүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу.

Ишкана шаар тургундарынан келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, алдын ала суу камдап алууну өтүндү.

Пландык жана авариялык өчүрүүлөр тууралуу маалыматты «Мой город» мобилдик тиркемеси аркылуу да алууга болот.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар