Башкы беткеКоом"Социалдык контракт" аркылуу ишкерлик баштагандар миллионнер боло башташты

“Социалдык контракт” аркылуу ишкерлик баштагандар миллионнер боло башташты

«Социалдык контракт» программасынын алкагында мамлекеттик колдоо алып, ишкерлик баштаган 30га жакын жарандын жылдык кирешеси бир миллион сомго жетти. Бул тууралуу Эмгек министрлигинин жетектөөчү адиси Гүлмайрам Автандил кызы массалык маалымат каражаттарына билдирди.

Анын айтымында, программага катышкан айрым жарандар ишин ийгиликтүү өнүктүрүп, бизнесин кеңейтүүгө жетишкен. Мындан тышкары, алардын арасында кошумча жумуш орундарын түзүп, башка адамдарды иш менен камсыз кыла баштагандар да бар.

Министрликте жылдык кирешеси бир миллион сомго жеткен ишкерлерди шарттуу түрдө «миллионерлер» деп атап коюшат.

Мамлекеттик колдоо улантылат

«Социалдык контракт» программасы 2022-жылдан бери ишке ашырылып келет. Анын негизги максаты — аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө өз алдынча киреше табууга, чакан бизнес ачууга жана экономикалык абалын жакшыртууга көмөк көрсөтүү.

Маалыматка ылайык, мамлекет программага жыл сайын эки миллиард сомго жакын каражат бөлөт.

Учурда ишкерлик баштоону каалаган жарандарга берилүүчү каражаттын көлөмүн 150 миң сомдон 300 миң сомго чейин көбөйтүү маселеси каралып жатат.

Ишкерлерге кошумча мүмкүнчүлүк түзүлөт

Мындан тышкары, беш кишиге чейин жумуш ордун түзгөн ишкерлерди колдоого багытталган жаңы долбоор даярдалууда.

Долбоорго ылайык, ишкер түзгөн ар бир жумуш орду үчүн 150 миң сомдон кайтарымсыз каржылык колдоо көрсөтүү каралууда.

Демилге ишкерлердин ишмердүүлүгүн кеңейтүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана жарандарды туруктуу киреше менен камсыз кылууга багытталган.

«Социалдык контракт» программасынын алкагында ишкерлик баштаган жарандардын кирешесинин өсүшү мамлекеттик колдоонун натыйжалуулугун баалоодогу маанилүү көрсөткүчтөрдүн бири болуп саналат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар